0
Музыка онлайн » Новинки » Нурайым Акылбекова - Арданып Журом (Кавер)

Нурайым Акылбекова - Арданып Журом (Кавер)

  • Размер: 7.01 MB
  • Длительность: 03:03
  • Качество: 320 kbps
Добавить в избранное
Слушать
Скачать

Текст песни

Супасын чачса таң жарык,
Суюлуп жылдыз, шам жанып.
Булбулдар керип көкүрөк,
Бутактан учса жанданып.
Торгойдун үнүн жактырбай,
Томсоруп жүрөм арданып.

Көңүлүңгө жаккан пери зат,
Көрүнөт экен пир болуп.
Көмөкөй сыздайт муңканып,
Көксөтпөй эркем бир жолук.
Ызаага батып зарыктым,
Ый менен ырым бир болуп,

Көзүңдүн көрүп ирмемин,
Көөхарды чанып иргедим.
Кыйылып сенден кете албай,
Кыйноону тарттым билбедиң.
Жарыгым бирок зор бакыт,
Жалганда жашап жүргөнүң.

Жанга эм жаркын күлгөнүң,
Жалындайм уксам сүйлөмүң.
Кумардай, ушул сагыныч,
Кусадан гана үндөдүм.
Жабыкпа, эркем өзүңдү.
Здесь можете Вы можете скачать новую песню Арданып Журом (Кавер) в mp3 бесплатно в хорошем качестве 320 кбит или слушать музыку от Нурайым Акылбекова онлайн, со своего телефона на Android, ipad в любое время.