0

Текст песни Бек Борбиев - Сен мага керексиң

Күнүм болуп асманда
Сен ар дайым күлүп жүр
Канча аралык ортодо болсо да
Сүйөөрүмдү билип жүр
Жалгыз ырым болсо да дүйнөдө
Ырдаганым сен болмок
Ал ыр кезип ааламды шириним
Миң дастанга тең болмок

Сен мага керексиң
Тагдырыма белексиң
Тоо кырында гүлгө окшош махабатым
Бактыма себепсиң

Азоо жаштык азгырат шириним
Аптабына бой бербе
Агымы күч дайрадай анын
Ишенчимди кой бербе
Жоготуп мен албайын шириним
Көздөрүңө бекем бол
Жок издетип албайын жаным
Сөздөрүңө бекем бол
Поделиться текстом:
Слова песни Сен мага керексиң от исполнителя Бек Борбиев, на нашем сайте вы также можете скачать или прослушать сам трек.
Слушать
Скачать